Жаңылыктар
05.12.2024 11:23
Кароолор: 1142
11 АЙДА 2732 ӨРТ КАТТАЛЫП, 688,4 МЛН СОМДУК ЗЫЯН КЕЛГЕН
Үстүбүздөгү жылдын 11 айында республика боюнча 2732 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымдын көлөмү 688 млн 410 миң сомду түздү.
Тилсиз жоонун кесепетинен 34 адам каза тапса, алардын алтоосу балдар жана жабыркагандардын саны 22 адамды түзөт.
Ал эми өткөн жылдын 11 айында 3174 өрт кырсыгы катталып, материалдык зыян 1 млрд 290 млн 195 миң сомго жеткен. Адам өлүмү боюнча 33 факты катталса (6 балдар), жабыркагандардын саны 29 адамды түзгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР