Жаңылыктар

14.06.2026 10:11

   Кароолор: 90

100 ЖЫЛДЫККА КАРАТА ЧЕМПИОНАТТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын 100 жылдыгына карата Бишкектеги "Алга Арена" стадионунда Өрт-куткаруу спорту боюнча өткөн эки күндүк чемпионат жыйынтыкталды.

Республикалык мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 12 команда катышты.

11-июнь күнкү таймашта спортчулар 100 метр аралыкты тоскоолдуктар аркылуу чуркап өтүү, окуу мунарасынын 4-кабатына чабуулдоочу шаты (штурмавая лестница) менен көтөрүлүү көнүгүүсү боюнча жарышса, 12-июнда өрт эстафетасы, күжүрмөн жайылтуу көнүгүүлөрүнөн күч сынашты.

Кызуу таймаштын жыйынтыгында:

🥇1-орунду Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун курама командасы;

🥈2-орунду Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командасы;

🥉3-орунду ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын командасы багындырып, атайы байгелер менен сыйланышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу