Жаңылыктар
14.06.2026 10:11
Кароолор: 38
100 ЖЫЛДЫККА КАРАТА ЧЕМПИОНАТТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын 100 жылдыгына карата Бишкектеги "Алга Арена" стадионунда Өрт-куткаруу спорту боюнча өткөн эки күндүк чемпионат жыйынтыкталды.
Республикалык мелдешке өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 12 команда катышты.
11-июнь күнкү таймашта спортчулар 100 метр аралыкты тоскоолдуктар аркылуу чуркап өтүү, окуу мунарасынын 4-кабатына чабуулдоочу шаты (штурмавая лестница) менен көтөрүлүү көнүгүүсү боюнча жарышса, 12-июнда өрт эстафетасы, күжүрмөн жайылтуу көнүгүүлөрүнөн күч сынашты.
Кызуу таймаштын жыйынтыгында:
1-орунду Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун курама командасы;
2-орунду Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командасы;
3-орунду ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын командасы багындырып, атайы байгелер менен сыйланышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ