Жаңылыктар

01.03.2024 17:47

   Кароолор: 837

1-МАРТ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮ

📌1-МАРТ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮ

 

Дүйнөгө үлгү болгон кыргыз куткаруучуларынын тажрыйбасы

Жыл сайын 1-мартта Бүткүл дүйнөлүк жарандык коргонуу күнү белгиленип келет.

Бул күндүн тарыхына кайрыла турган болсок, 1972-жылдын 1-мартында Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун (ЭЖКУ) уставы кабыл алынып, уюм өкмөттөр аралык макамга ээ болгон.

Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун максаты табигый жана техногендик кырсыктардан калкты коргоо, жардам көрсөтүү, ошондой эле материалдык жана маданий дөөлөттөрдү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттерге көмөк көрсөтүү, уюмга мүчө-мамлекеттердин бул багытта иш алып барган түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара тилектештикти өнүктүрүү болуп саналат.

Учурда 60 мамлекет ага мүчө болсо, 16 өлкө байкоочу статусуна ээ. Ошондой эле 21 уюм ЭЖКУнун аффилирленген мүчөсү болуп саналат.

Кыргызстан аталган уюмга 2011-жылдан бери мүчө. Өлкөнүн атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги татыктуу иш алып барып, дүйнөнүн 25 мамлекети кирген ЭЖКУнун Аткаруу кеңешине 3 жыл катары менен төрагалык кылды.

Бул биздин өлкө үчүн чоң сыймык, анткени дал ушул уюм жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында орчундуу чечимдерди кабыл алат. Бул биздин өлкөнүн эл аралык жарандык коргонуу системасындагы маанилүү ролун таануу, бул жаатта кыргыз тажрыйбасынын баалуулугун ырастоо болду.

Маселен жыл сайын Кыргызстанга ондогон мамлекеттердин куткаруучулары Ысык-көлдө суу астында жана тоо боорунда тажрыйба алмашуу үчүн келишет. Алар өлкөбүздүн тоолуу аймактарындагы катаал шарттарда, суунун тереңдигинде жана башка кризистик кырдаалдарда кыргыз куткаруучуларын тажрыйбасы күчтүү экендигин баса белгилеп келишет.

2023-жылы ЭЖКУнун Аткаруу комитетинин 56-сессиясы Бишкекте өтүп, Кыргызстанда аталган беделдүү уюмдун Борбордук Азия жана Азия өлкөлөрү үчүн аймактык кеңсесин ачуу демилгеси көтөрүлгөн.

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Борбордук Азия жана Азия үчүн региондук гуманитардык кеңсени түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кеңсенин ачылышы гуманитардык долбоорлорду практикалык ишке ашыруу жана региондогу мамлекеттерге алардын аймактарында өзгөчө кырдаалдар болгон учурда ыкчам жардам көрсөтүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп кызмат кылат.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнкү күндө техникалык жактан күчтүү мамлекеттик органдардын бири. Эки жылдын ичинде бюджет 4 эсеге – 2 миллиарддан 8 миллиард сомго чейин көбөйтүлгөн. Өрт өчүрүүчү жана инженердик техникалардын паркы 100 пайызга жаңыртылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу