Жаңылыктар
01.07.2025 11:54
Кароолор: 316
1-ИЮЛЬ – КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫНЫН КҮНҮ ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ МЕНЕН КОШТОЛДУ
Бүгүн, 1-июль – Кыргыз куткаруучуларынын кесиптик майрамын утурлай өлкө үчүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн маанилүү күн болду.
КР Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин катышуусунда ӨКМге кезектеги атайын техникаларды расмий тапшыруу аземи уюштурулуп, ага экс-министрлер, ардагерлер чакырылды.
Генерал-полковник Камчыбек Ташиев сапка тизилген ӨКМдин куткаруучулары жана ардагерлери менен саламдашып, кесиптик майрамы менен куттуктап өттү.
Ал өз сөзүндө, өзгөчө кырдаалдардын санынын жыл сайын жогорулашы — реалдуу коркунучтарды жаратууда жана аларга ыкчам жооп кайтарууга жооптуу мамлекеттик кызматтардын даяр болушу чоң мааниге ээ экенин белгиледи. “Мен да бул министрликти ичинен жакшы билемин. Сиздердин министрлик табигый кырсыктардын алдын алууда, адамдардын өмүрүн коргоодо, өз убагында куткаруу жана жардам көрсөтүүдө өзгөчө маанилүү ролду ойнойт”, - деди генерал-полковник.
Ошону менен катар ӨКМдин бүгүнкү күндөгү өнүгүү келечеги, адам өмүрүн сактоодогу эрдиктери жана жаңы багыттагы ийгиликтерин айтып, жетекчиликтин жүргүзгөн саясатына мыкты баасын берген Камчыбек Ташиев куткаруучуларды элдин алкышы коштоп, мамлекеттин колдоосу менен өркүндөп өсө беришине тилектештигин билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев мамлекет башчыларынын колдоосу менен алынган бул заманбап, атайын жана инженердик техникалар, жабдуулар жарандарыбыздын өмүрүн сактоодо, өлкө аймагындагы күтүлбөгөн кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууга өзгөчө салым кошоору шексиз экенин билдирди.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алдардын кесепеттерин жоюу жаатындагы куткаруучулардын күнүмдүк кызматы – элдин коопсуздугу үчүн тынымсыз күрөш экенин айткан министр алардын тайманбас жана кесибине берилген кызматкерлердин эрдигин баалап өттү.
Бүгүнкү иш-чарада жалпы 28 техника тапшырылды:
Алардын ичинен 11 КАМАЗ үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаа;
4 бортуу КАМАЗ;
3 BYD жеңил унаасы;
6 Кобальт Шеврале;
1 Шеврале трекер;
1 Крузак;
2 Погрузчик. Ошону менен катар өрт өчүрүүчүлөр үчүн 500 күжүрмөн кийими жана башка өрт өчүрүүчү шаймандар тапшырылды.
Белгилей кетсек, 2021-жылдан 2025-жылга чейинки 4 жылдын ичинде ӨКМдин техникалык базасы бир топ жаңыланды. Жалпысынан министрликтин базасын 800гө жакын атайы техникалар түзсө, алардын жаңы келгени 572ни, калгандары оңдоп-түзөп күжүрмөн даярдыкка келтирилген техникалар түзөт. Булардын ичине авариялык куткаруу унаалары, өрт өчүрүү унаалары, жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу, адистештирилген унаалар, катер учак (самолет) жана тик учактар (тик учактар) кирет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР