Жаңылыктар

01.07.2025 12:06

   Кароолор: 73

1-ИЮЛЬ – КУТКАРУУЧУЛАР КҮНҮ КУТКАРУУЧУЛАР КҮНҮН УТУРЛАЙ СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛДЫ

Бүгүн, 1-июль – Кыргыз куткаруучуларынын кесиптик майрамын утурлай ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарган куткаруучуларга министрликтин сыйлыгын ыйгарды.

ӨКМ башчысы салтанаттуу жыйында күтүүсүз кырсыктардан адам өмүрүн арачалаган эрки бекем, намысы бийик баатыр куткаруучулардын эмгеги менен эрдигине ыраазычылык билдирди.

"Мамлекет башчысынын колдоосу менен ӨКМ акыркы төрт жылда элибиздин амандыгы үчүн адистештирилген техникалар, куткаруу шаймандары, кийим-кече менен камсыздалганы ийгиликтерди жаратууга бирден-бир өбөлгө. Бүгүн куткаруучулардын билими, даярдыгы жаатында өлкө тургай, эл аралык аренада да кадыр-баркы өстү. Андыктан сиздердин кадам сайын жасаган эрдигиңер, ат көтөргүс эмгегиңер жалпы журтубузга – сыймык, келечек муунга – үлгү!", –деди министр.

Белгилей кетсек, 1991-жылдын 1-июлда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Өзгөчө кырдаалдар боюнча Министрлер Кабинетинин курамын түзүү” жөнүндө токтомун кабыл алган. Бул күн министрликтин пайдубалы түптөлгөн тарыхый күн катары белгиленет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу