Жаңылыктар

27.06.2025 17:55

   Кароолор: 241

1-ИЮЛЬ – КУТКАРУУЧУЛАР КҮНҮ 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын кесиптик майрамына карата Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Башкармалыгы жана 1-2-3-4-5-6-7-взводдордун ортосунда спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чара Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы ТКККнын 5-ӨМТККВ базасында уюштурулду.

Ачылыш аземине ардагерлер катышып, куткаруучулардын тайманбас кызматына урмат көрсөтүлдү. ТКККнын башчысы подполковник С.Мамаев куттуктоо сөзүн айтып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Мелдеш жыйынтыктары төмөнкүдөй:

🏐 Волейбол боюнча:

🥇 1-орун — 6-взвод, Таш-Көмүр шаары (Жалал-Абад облусу)

🥈 2-орун — 2-взвод, Айдаркен шаары (Баткен облусу)

🥉 3-орун — 3-взвод, Кадамжай шаары (Баткен облусу)

⚽ Кичи футбол боюнча:

🥇 1-орун — 1-взвод, Сүлүктү шаары

🥈 2-орун — ТКККнын башкармалыгы

🥉 3-орун — 4-взвод, Кызыл-Кыя шаары (Баткен облусу)

Иш-чаралар коопсуздук эрежелерин сактоо менен, ынтымакта жана ийгиликтүү өттү.

Бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз жана жеңүүчүлөрдү чын дилден куттуктайбыз!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу