Жаңылыктар
17.09.2024 11:15
Кароолор: 805
❗ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ САК БОЛУҢУЗ, КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛҮҮДӨ!
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
УРМАТТУУ ЖАРАНДАР!
Катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуңуздар.
Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР