Жаңылыктар

20.06.2025 11:47

   Кароолор: 77

🇰🇬 🇰🇿 КЫРГЫЗСТАН – КАЗАКСТАН БИРГЕЛЕШКЕН ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУСУН ӨТКӨРДҮ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде

Кыргызстандын Чүй облусу менен Казакстандын Жамбыл облусу чектешкен аймакта өрт-тактикалык машыгуу өтүп, өрт кырсыгы катталган учурда эки өлкөнүн күч-каражаттары чогуу тартылуу менен тилсиз жоонун кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтуу максатында уюштурулду.

Машыгуунун негизги объектиси катары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 33-чакырым аралыгындагы чек ара тилкеси тандалып алынган. Аталган жер токойлуу аймак болуп, эки өлкөнү Чу дарыясы бөлүп турат.

Атайы түзүлгөн сценарийге ылайык, токойдон чыккан өрттүн жалыны Кыргызстандын аймагындагы май куюучу жайга өтүп, андан ары Жол тейлөө ишканасынын айланасындагы бак-дарактарды каптайт.

Ири өрттү өчүрүүгө КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусунан жалпы 5 күжүрмөн эсеби (өрт өчүрүүчү унаа), 1 автошаты, 1 көчмө башкаруу пункту (КБП) жана Токой чарба кызматынан 10дой кызматкер тартылды. Мындан сырткары тез жардам, ИИМдин Жол коопсуздук кызматы көмөктөштү.

Ал эми Казакстандын Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 2 күжүрмөн эсеп жана 1 көчмө башкаруу пункту(КБП) тартылды.

Аймактагы өрттү өчүрүүдө унааларга үзгүлтүксүз суу берүү үчүн Чу дарыясына мотопомпа коюлду.

Жылына өтүп келген өрт-тактикалык машыгууда өрт өчүрүү ишин ыкчам уюштура билүү, аймакка чалгындоо жүргүзүү менен туура анализ жасоого жана өрт өчүрүү кадамдарын уюшкандыкта аткарып, кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатууга да бир кыйла шарт түздү.

Эң башкысы боордош эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин тыгыз кызматташтыгын бекемдеп, ынтымагын арттырууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп калды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу