Жалал-Абад облусунда жашыл чечимдерди ишке ашыруу үчүн тилкелер аныкталды
21.10.2025
Кароолор (376)
Бүгүн Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында «Кыргызстандын ландшафтарын туруктуу калыбына келтирүү» долбоорунун ишке ашырылышын кароо боюнча сапар болуп өттү. Сапардын жүрүшүндө миссиянын катышуучулары Жалал-Абад облусунда жайгашкан биринчи пилоттук тилкеге барышты. Бул аймакта сел жана топурактын эрозиясы сыяктуу жаратылыш коркунучтарын азайтуу максатында жашыл чечимдерди колдонуу пландалууда.
Дүйнөлүк банктын миссиясы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлдөрү сел агымдарынын түзүлүү зонасында жайгашкан тилкелерге барышты. Бул аймактар мурда П.А. Ган атындагы токой илим изилдөө институту тарабынан табиятка негизделген чараларды ишке ашыруу үчүн потенциалдуу объекттер катары аныкталган. Алардын ичинде коргоочу токой алкактарын отургузуу, тоо этектерин бекемдөө жана деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү сыяктуу иш-чаралар бар.
Негизги көңүл — аялуу аймактарды сактоого
Тилкелерге болгон сапар алардын учурдагы абалын баалоого жана эрозиялык процесстерге эң көп дуушар болгон зоналарды аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Эксперттер белгилешкендей, коргоочу көчөттөрдү отургузуу жана биоинженердик ыкмаларды колдонуу сыяктуу табиятка негизделген чечимдерди өз убагында ишке ашыруу сел коркунучун азайтып гана тим болбостон, региондун экосистемасындагы табигый тең салмактуулукту калыбына келтирүүгө да өбөлгө түзөт.
Туруктуу келечек үчүн өнөктөштүк
KG RESILAND долбоору Дүйнөлүк банктын колдоосу жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (IDA) аркылуу каржыланат. Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги координациялайт. Негизги максаты — табигый кырсыктарга дуушар болгон аймактардын климаттык жана экологиялык туруктуулугун жогорулатуу, калкты жана айыл чарба жерлерин коргоону күчөтүү.
Миссиянын ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, анын орун басары Чинара Бербаева, ошондой эле Дүйнөлүк банктын делегациясы — долбоордук команданын жетекчиси жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улук адис Айдай Баялиева, П.А. Ган атындагы токой илим изилдөө институтунун адистери жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.
Натыйжалары
Сапардын жыйынтыктары Жалал-Абад облусунда табиятка багытталган ыкмаларды киргизүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча чечим кабыл алуунун негизин түзөт.