УЛУТТУК БРЕНДДЕР КОНКУРСУ – 2025: KG RESILAND ДОЛБООРУНУН КОЛДООСУНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ УЛУТТУК ДЕҢГЭЭЛДЕ ТААНЫЛДЫ
04.03.2026
Кароолор (4468)
Бишкек шаарында «Бир айыл – бир продукт» (ОСОП) улуттук экономикалык долбоорунун алкагында Улуттук бренддер конкурсу – 2025 өткөрүлдү. Конкурстун жыйынтыктары «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү», RESILAND CA+ программасы (KG RESILAND) долбоорунун алкагында өндүрүүчүлөргө көрсөтүлгөн колдоонун практикалык натыйжаларын тастыктады.
2025-жылы долбоордун колдоосу менен Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында 30 түрдөгү продукция иштелип чыгып, рынокко чыгарылды. Колдоо комплекстүү негизде жүргүзүлдү — рецептураларды иштеп чыгуу жана сапат стандарттарын киргизүүдөн тартып, брендинг, таңгактоо жана коммерциялаштырууга даярдоого чейин.
Конкурска жалпы 57 түрдөгү продукция сунушталып, алардын ичинен 19у финалга өттү. Баалоо жергиликтүү чийки затты колдонуу, сапат, таңгактоо, рынокко даярдык жана экспорттук потенциал критерийлери боюнча жүргүзүлдү.
Конкурстун негизги жеңүүчүлөрүнүн арасында долбоордун колдоосун алган өндүрүүчүлөр бар:
«Малина концентраты» — алтын медаль (Нургүл Исакова, Баткен облусу);
«Мисте печеньеси» — күмүш медаль (Алиярова Гүлчехра, Жалал-Абад облусу);
«Хурма чипсы» — коло медаль (Октамова Саидахон, Ош облусу).
Ошондой эле финалда долбоор колдогон төмөнкү продукциялар көрсөтүлдү:
«Көчмөн пиццасы», жаңгак пасталары, табигый компоненттердин негизиндеги эрин бальзамы, «Кызыл туз» ооз чайкоочу каражаты, «Мисте менен тоо балы».
Иш-чаранын жыйынтыктарын таанытуу үчүн конокторго жана өнөктөштөргө белек-бокстар тапшырылды. Алардын курамына долбоордун катышуучулары өндүргөн продукциялар киргизилип, бул алардын сапатын, таңгактоосун жана рынокко даярдыгын көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.
Улуттук бренддер конкурсу – 2025 долбоордун алкагында өндүрүүчүлөргө системалуу колдоо көрсөтүү атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук бренддерди калыптандырууга жана Кыргыз Республикасынын аймактарынын экономикалык туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн дагы бир жолу айкын далилдеди.