ОСОП+1 (Бир айыл – бир продукция): Кыргызстанда 800гө жакын катышуучу туруктуу киреше булагын түзүүгө мүмкүнчүлүк алат

Кароолор (537)

Кыргызстанда RESILAND CA+ программасынын алкагында жаратылыш кырсыктары коркунучу жогору болгон 21 кооптуу участокто жашаган 800дөн ашык үй-бүлө туруктуу киреше булагына ээ болууга мүмкүнчүлүк алат. Бул аракеттер «Бир айыл – бир продукция» (ОСОП+1) ыкмасы аркылуу ишке ашырылууда.

ОСОП деген эмне?

ОСОП — «Бир айыл – бир продукция» дегенди билдирет. Японияда башталган бул ыкма Кыргызстанда ийгиликтүү адаптацияланып, айыл тургундарына жергиликтүү ресурстарды колдонуп, сапаттуу товар чыгарууга жана аны рынокко чыгарууга жол ачууда.

2024-жылы ОСОП+1 аркылуу жалпы 63 млн сомдук продукция сатылган. Анын кирешеси түздөн-түз өндүрүүчүлөргө кайтарылган. Бул көрсөткүч ыкманын ишенимдүү экенин көрсөтөт.

RESILAND CA+ алкагында ОСОП+1 төмөнкү негизги багыттар боюнча иш алып барат:

  1. Жергиликтүү ресурстарды изилдөө жана киреше алып келе турган продукцияларды аныктоо;
  2. Айыл тургундарын, өзгөчө аялдар менен жаштарга катышууга шарт түзүү жана окутуу;
  3. Продукцияны өндүрүү, сертификациялоо жана сапатты көзөмөлдөө;
  4. Сынама партияларды чыгаруу жана жеринде сатуу;
  5. Региондук бренддерди түзүү жана улуттук деңгээлде таанытуу;
  6. Продукцияны рынокко чыгаруу жана сатууну колдоо.

 

Бул иш-чаралар “жашыл” чечимдер аркылуу жаратылыш ресурстарын сактап, айыл жашоочуларына туруктуу киреше булагын түзүүгө багытталган.

🔸RESILAND CA+ долбоору Кыргызстанда ишке ашуусуна ӨКМдин колдоосу жана министр Бообек Ажикеевдин чечкиндүү аракети маанилүү роль ойногон. Бул элдин жашоо сапатын жогорулатууга жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган максаттуу аракеттеринин бир бөлүгү.

📌 Маалымат үчүн:

RESILAND CA+ долбооруна багытталган 52 миллион АКШ доллары Дүйнөлүк банк тарабынан, тактап айтканда Айылдарды өнүктүрүү боюнча Эл аралык ассоциациясы (IDA) аркылуу берилген финансылык колдоо. Аталган долбоор 2024-жылдын апрель айында расмий түрдө ишке ашырыла баштаган. Ишке ашыруучу министрлик — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ).

Каржылоо 2024-жылдын апрель айында башталган. Бул каражаттар 2024–2029-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, ландшафттарды жана жайыттарды калыбына келтирүү, экосистемаларды сактоо жана айылдык калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында колдонулат. 

Ал эми 63 миллион сом — бул ОСОП+1 ыкмасынын алкагында 2024-жылы айыл тургундары тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын сатылышынан түшкөн жалпы киреше. Бул сумма продукцияны Бишкектеги, Караколдогу сатуу түйүндөрү, жармаңкелер, көргөзмөлөр жана онлайн платформалар аркылуу топтолгон. 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу