Ош шаарында «Бир айыл — бир продукт» окуу борбору жана дүкөнү ачылды
07.07.2025
Кароолор (214)

(ОСОП+1) улуттук долбоорунун алкагында жаңы окуу борбору жана дүкөнүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул жаңы аянтча жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого жана Кыргызстандын табигый продукцияларын жайылтууга багытталган маанилүү кадам.
Дүкөндө өлкөбүздө өндүрүлгөн таза жана сапаттуу азыктар — бал, кургатылган жемиштер, күрүч, дан азыктары, кол менен жасалган косметикалык каражаттар жана башка айылдык продуктылар сатыкка коюлган.
Ачылыш менен катар эле окуу борбору да ишке кирди. Бул борбордо жергиликтүү ишкерлер маркетинг, таңгактоо, сатуу жана санарип технологиялар боюнча заманбап билимдерди ала алышат. Ал ОСОП+1 программасынын катышуучулары үчүн тажрыйба алмашуу жана кесиптик өсүү үчүн маанилүү аянтча болот.
Иш-чаранын негизги максаты — KG RESILAND долбоорунун алкагында жергиликтүү өндүрүүчү-бенефициарлар үчүн тренингдер жана окутуу программалары өтө турган жаңы окуу борборунун расмий ачылышы.
Ачылыш аземине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ош жана Баткен облустарынын жергиликтүү бийлигинин өкүлдөрү, ошондой эле KOICA, Ага Хан фонду, АРИС, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP), ОСОП өндүрүүчүлөрү, бренд комитеттердин өкүлдөрү катышты.
Муну менен катар долбоор жамааттардын өз алдынча өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, айылдык аялдардын экономикалык жигердүүлүгүн жогорулатууга жана кыргыз өндүрүмдөрүнүн тышкы рынокко чыгуусуна көмөктөшүүнү көздөйт.
Расмий ачылыштан кийин катышуучулар лента кесүү аземине катышып, ОСОП өндүрүмдөрүн даамдап көрүшүп, күрүчтөн скраб жасоо боюнча мастер-класска күбө болушту. Ошондой эле катышуучуларга маданий программа уюштурулуп, анда улуттук бийлер, кыргыз ырлары жана улуттук аспаптарда аткарылган музыкалык чыгармалар тартууланды.
«Бул айылдык өндүрүүчүлөргө мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, жергиликтүү экономиканы бекемдөө жана аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу аракети», — деп белгилешти уюштуруучулар.
Ош шаарындагы жаңы окуу борбору жана дүкөн жергиликтүү бренддерди жайылтуу, кыргыз өндүрүмдөрүн таанытуу жана заманбап рынок талаптарына ылайык өндүрүүчүлөрдү окутуу үчүн туруктуу аянтча болот.