ӨКМдин ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ БӨЛҮМҮ 2-КОМПОНЕНТТИН КООРДИНАТОРУ КЫЗМАТ ОРДУНА ЖАРЫЯЛАЙТ
04.09.2026
Кароолор (17)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү боюнча долбоорду (KG RESILAND программасы) ишке ашыруу бөлүмү БАШКЫ ОРУНГА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ - 2-КОМПОНЕНТТИН КООРДИНАТОРУ.
Квалификациялык талаптар:
· Курулуш, инженерия же тиешелүү багыттар боюнча жогорку билимдин болушу;
· Мамлекеттик мекемелерде 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттар менен иштешүү тажрыйбасы. Долбоорлорду башкаруу жана координациялоо жаатында 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу артыкчылык болуп саналат;
· Гидрология жана гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо/куруу жаатында иш тажрыйбасынын болушу;
· Долбоорлоо жана курулуш боюнча эл аралык стандарттарды жана колдонуудагы жергиликтүү курулуш нормаларын (СНиП) билүүсү;
· Ири масштабдагы курулуш иштерин жүргүзүү сыяктуу тиешелүү инженердик кызматтарды көрсөтүүгө квалификациялык сертификаттын болушу;
· Компьютердик программаларды (MS Office) ишенимдүү колдоно билүүсү жана долбоорлорго байланыштуу атайын программаларды (AutoCAD, GIS) билүүсү;
· Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүүсү. Англис тилин билүүсү артыкчылык болуп саналат.
Толук техникалык тапшырма менен төмөнкү сайттардан таанышууга болот:
www.mchs.kg,
www.donors.kg,
мамлекеттик сатып алуулар порталынын «Долбоорлор тарабынан жарыяланган конкурстар» бөлүмү.
Конкурска катышууну каалаган талапкерлер CV (резюме) орус жана англис тилдеринде милдеттүү түрдө, ошондой эле тиешелүү дипломдордун жана/же сертификаттардын көчүрмөлөрүн тапшырууга тийиш.
Көңүл буруңуз! Бардык документтер PDF форматында бир файлдын ичинде болушу керек.
Документтер 2026-жылдын 18-сентябрына чейин (кошо алганда) төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:
Каттын темасында вакансиянын аталышы сөзсүз көрсөтүлүүгө тийиш:
«2-компоненттин координатору»
Документтердин толук эмес топтомун камтыган, белгиленген форматка ылайык түзүлбөгөн, көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн жана коюлган талаптарга жооп бербеген арыздар/резюмелер каралбайт.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү
Кимге:
Чинара Бербаевага,
Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директорунун орун басарына
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспектиси, 101/1, 3-кабат, 304-кабинет
Телефон: +996 312 32 38 65
Электрондук дарек: tender.resiland@gmail.com