КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫ БИЛДИРYYГӨ СУРОО-ТАЛАП

Кароолор (194)

КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫ БИЛДИРYYГӨ СУРОО-ТАЛАП

КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫ БИЛДИРYYГӨ СУРОО-ТАЛАП

 (КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР - КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫ ТАНДОО)

 

Кыргыз Республикасы

 

Долбоор: «Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK)

 

Кредит №: IDA 66870 Грант №: IDA D6550

 

Контракт №: KG-CS/CQS-05-2026/AF

 

Тапшырманын аталышы: «Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) чагылдыруу боюнча консультациялык кызматтар

 

«Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун 2-компоненти: Кыргыз Республикасындагы 2015–2024-жылдарга карата Коопсуз мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары» мамлекеттик программасынын алкагында мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуздугун жогорулатуу.

 

Жооптуу мамлекеттик органдар: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.

 

Бул компоненттин максаты "2015-2024-жылдарга Кыргыз Республикасындагы коопсуз мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары" мамлекеттик программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүү жолу менен мамлекеттик мектептердин учурдагы инфраструктурасынын коопсуздугун жана функционалдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

 

Долбоордун алкагында 40 мектепти модернизациялоо пландаштырылууда, анын ичинен 10у Негизги долбоор жана 30у Кошумча долбоор боюнча. Бул техникалык тапшырма 2026-2027-жылдары курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан же пландаштырылган мектептерди камтыйт.

 

ERIK долбоору үчүн "Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорунун маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жана ЖМКда чагылдырууну камсыз кылуу үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөр талап кылынат.

 

Тапшырманын максаты "Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" (ERIK) долбооруна медиа продуктуларды (видеороликтерди, инфографикаларды, баннерлерди жана башка маалыматтык материалдарды) иштеп чыгууда консультациялык колдоо көрсөтүү, ошондой эле максаттуу аудиторияны жана башка кызыкдар тараптарды ERIK долбоорунун иши жөнүндө маалымдоо болуп саналат.

 

Консультант «Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ЖМКларда чагылдырууну камсыз кылуу боюнча техникалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтөт.

 

Тапшырманы аткарууну 2026-жылдын сентябрында баштоо пландалууда. Тапшырманын күтүлгөн узактыгы - тендердин жеңүүчүсү менен келишимге кол коюлгандан кийин 24 ай.

 

Тапшырманын болжолдуу суммасы, бардык салыктарды эске алуу менен, 50 000,00 АКШ долларынан ашпоого тийиш.

 

Толук техникалык тапшырманы (ТТ) төмөнкү шилтемелер боюнча табууга болот: www.zakupki.gov.kg (Долбоорлор тарабынан жарыяланган сатып алуулар), www.donors.kg, www.mchs.gov.kg же төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча алууга болот.

 

"Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" долбоору ыйгарым укуктуу консультациялык компанияларды (Консультанттарды) "Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" (ERIK) долбоорунун маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ЖМКларда чагылдыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө кызыгуусун билдирүүгө чакырат.

 

Кызыкдар компаниялар алардын квалификациясын жана кызмат көрсөтүүдө тиешелүү тажрыйбасы бар экендигин тастыктаган маалыматты бериши керек.

 

Кызыгууну билдирүү этабында Консультант төмөнкү минималдуу талаптарга жооп бериши керек:

 

  • Медиа кампанияларды ишке ашыруу жана жүргүзүү, PR жана SMM чөйрөсүндө иш тажрыйбасы;

 

  • Минималдуу 3 долбоордо медиа материалдарды даярдоо жаатында конкреттүү иш тажрыйбасы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жана зарыл ресурстардын болушу;

 

  • Эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлордо ушул сыяктуу кызматтарды көрсөтүү тажрыйбасы.

 

Консультациялык компаниялардан келип түшкөн кызыгууну билдирүүлөрдү баалоодон кийин эң квалификациялуу компанияга гана (максималдуу балл алган) техникалык жана финансылык сунуштарды берүү сунушталат.

 

Негизги адистер кызыгууну билдирүүнү баалоо этабында бааланбайт.

 

Консультанттар Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча саясаты баяндалган, 2016-жылдын июлунда чыгарылган, 2025-жылдын февралында толукталган жана кайра иштетилген Дүйнөлүк банктын "ФИӨ карыз алуучулары үчүн сатып алуулар эрежелеринин" (Сатып алуулар эрежелери) III бөлүмүнүн 3.14, 3.16 жана 3.17-пункттарына көңүл бурууга тийиш.

 

Консультанттар квалификациясын жогорулатуу үчүн башка компаниялар менен бириге алышат, бирок бул бирикме биргелешкен ишкана жана/же субконсультанттар формасында экендигин так көрсөтүшү керек. Биргелешкен ишкана болгон учурда биргелешкен ишкананын бардык өнөктөштөрү тапшырманы ишке ашыруу үчүн жамааттык же өзүнчө жоопкерчилик тартышы керек.

 

Консультант Сатып алуулар эрежелеринде көрсөтүлгөн консультанттын квалификациясы боюнча тандоо - CQS методуна ылайык тандалат.

 

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке саат 09.00дөн 18.00ге чейин (жергиликтүү убакыт боюнча) кайрылса болот.

 

Кызыкчылык билдирүүлөр жазуу жүзүндө же электрондук түрдө орус тилинде төмөндө көрсөтүлгөн дарекке (жеке, почта, факс же электрондук почта аркылуу) 2026-жылдын 19-августунан кечиктирбестен жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.00гө чейин берилиши керек.

 

Толук маалымат алуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн дарекке саат 09.00дөн 17.00гө чейин (жергиликтүү убакыт боюнча) кайрылса болот.

 

Кимге: Жылдыз Токторбаевага, КР ӨКМдин алдындагы Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас проспектиси 101/1, 3-кабат

Тел: + 996 (312) 32 38 65, +996 505 912515

E-mail: erikprocurement@gmail.com

ТЕХНИЧЕСКОЕ ЗАДАНИЕ_24 месяца

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу