Курулушка тандалган 5 мектеп боюнча Айлана жана социалдык чөйрөнү башкаруу пландарынын долборлору коомдук талкууга чыкты
04.02.2026
Кароолор (214)
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү «Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун кошумча каржылоосунун алкагында курулушка тандалган кийинки беш мектеп боюнча даярдалган Айлана жана социалдык чөйрөнү башкаруу пландарынын долборлорун (мындан ары – АСЧБП) коомдук талкууга алып чыгат.
АСЧБП Долбоордун курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүндө экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди жана таасирлерди башкаруу үчүн Дүйнөлүк Банктын коргоо чаралары боюнча саясатына ылайык иштелип чыккан. АСЧБП мектептердин жана алардын айлана чөйрөсүнүн учурдагы абалы жөнүндө маалыматты, аларга болгон негизги тобокелдиктерди жана таасирлерди баалоо жана аларды жумшартуу чараларын караган экологиялык жана социалдык башкаруу планын жана бул пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча планын камтыйт.