KG RESILAND долбоорунун алкагында тиешелүү мекемелердин техникалык потенциалы чыңдалууда
05.03.2026
Кароолор (4409)
Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү», RESILAND CA+ программасы (KG RESILAND) долбоорун ишке ашыруунун алкагында жаратылыш процесстерин мониторингдөө жана климаттык тобокелдиктерди баалоо менен алектенген мамлекеттик жана илимий уюмдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча системалуу иштер улантылууда.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги МЧС Кыргызстана тарабынан ишке ашырылууда жана жаратылыш процесстерине байкоо жүргүзүүнүн заманбап системасын калыптандырууга багытталган. Анын ичинде криосферанын мониторингин өнүктүрүү, сел жана ташкын процесстерине байкоо жүргүзүү системасын модернизациялоо, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу аркылуу жер ресурстарын башкарууну өркүндөтүү каралган.
Кыргыз Республикасынын тоолуу рельефин жана аймактардын жаратылыш коркунучтарына жогорку деңгээлде дуушар болуусун эске алуу менен, заманбап техника жана жабдуулар менен камсыз кылуу туруктуу талаа байкоолорун жүргүзүү, ишенимдүү маалыматтарды алуу жана жаратылыш чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү ыкчам талдоо үчүн негизги шарт болуп саналат. Ушуга байланыштуу KG RESILAND долбоорунун алкагында тиешелүү уюмдардын техникалык потенциалын этап-этабы менен чыңдоо каралып, аларды илимий жана мониторинг иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шаймандар менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.
Атап айтканда, Кыргызгидромет үчүн өтүмдүүлүгү жогору автоунаалар, кар жүрүүчү техника (снегоход), ошондой эле ноутбуктар жана компьютердик жабдуулар алынган. Бул техника адистерге тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда байкоо жүргүзүүгө, гидрометеорологиялык параметрлердин өзгөрүүсүн ыкчам каттоого жана кар катмарынын абалы менен климаттык процесстер тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултууга мүмкүндүк берет.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун алдындагы Тянь-Шань эл аралык илимий борбору үчүн өтүмдүүлүгү жогору автоунаа, стационардык компьютерлер, ноутбуктар, сканерлер, принтерлер жана проекторлор сатылып алынган. Борборду заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу илимий изилдөөлөрдүн мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтүүгө, маалыматтарды иштетүүнүн жана талдоонун тактыгын жогорулатууга, ошондой эле бийик тоолуу экосистемаларда жүрүп жаткан процесстерди изилдөөнүн илимий негизин бекемдөөгө шарт түзөт.
Берилген техника жана жабдуулар мөңгүлөрдү, кар катмарын жана климаттык параметрлерди системалуу түрдө талаада байкоо жүргүзүү үчүн, ошондой эле алынган маалыматтарды ыкчам иштетүү максатында колдонулат. Бул криосферанын мониторингинин натыйжалуулугун кыйла жогорулатууга жана өлкөнүн тоолуу аймактарында жүрүп жаткан жаратылыш процесстерине так баа берүүгө мүмкүндүк берет.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу төмөнкү негизги максаттарга жетүүгө багытталган:
● мөңгүлөргө жана кар катмарына байкоо жүргүзүүнү камтыган криосферанын заманбап мониторинг системасын өнүктүрүү;
● бийик тоолуу аймактарда гидрометеорологиялык маалыматтарды чогултуунун ыкчамдыгын жана тактыгын жогорулатуу;
● жетүүгө кыйын аймактарда талаа изилдөөлөрүн үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу;
● тиешелүү уюмдардын илимий-аналитикалык потенциалын чыңдоо;
● сел жана ташкын процесстерин болжолдоо системаларын өркүндөтүү;
● жаратылыш коркунучтары жана ландшафттарды калыбына келтирүү жаатында башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн ишенимдүү маалыматтык базаны түзүү.
Тиешелүү мекемелердин техникалык потенциалын чыңдоо Кыргыз Республикасында жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүүнүн заманбап системасын түзүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Алынган маалыматтар жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкарууга, тоолуу экосистемалардын туруктуулугун жогорулатууга жана жаратылыштан келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасын күчөтүүгө өбөлгө түзөт.