KG RESILAND ДОЛБООРУ АЛКАГЫНДА ЯПОНИЯНЫН ТАЖРЫЙБАСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ТАБИЯТКА НЕГИЗДЕЛГЕН ЧЕЧИМДЕРДИ ИШКЕ АШЫРУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
23.07.2025
Кароолор (435)
KG RESILAND долбоору алкагында Япониянын тажрыйбасынын негизинде табиятка негизделген чечимдерди ишке ашыруу иштери уланууда
Чолпон-Ата, 2025-жыл. Июль.
Кыргыз Республикасында «Ландшафтарды туруктуу калыбына келтирүү» (RESILAND CA+, KG RESILAND) аттуу ири экологиялык долбоор ишке ашырылууда. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан координацияланып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.
Долбоордун негизги багыттарынын бири — табиятка негизделген чечимдерди (Nature-based Solutions, NBS) киргизүү. Бул ыкма табигый процесстер менен инженердик ыкмаларды айкалыштырып, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууга, экосистемаларды калыбына келтирүүгө жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган.
Теориядан практикага
КР ӨКМ менен Дүйнөлүк банктын эксперттеринин ортосундагы кеңешүүлөрдүн жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында пилоттук тилке аныкталды. Бул аймакта табиятка негизделген чечимдерге (NBS) тиешелүү алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) даярдалууда.
Бул иштерди аткаруу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан Япониянын Asia Air Survey аттуу эл аралык консалтингдик компаниясы тартылган. Компаниянын адистери 2025-жылдын 21–24-июль күндөрү Чолпон-Атада рельеф, суулардын агымы, топурак жана өсүмдүктөрдүн абалы боюнча талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп жатышат.
Япониянын тажрыйбасы жана билим берүү
Asia Air Survey (AAS) компаниясы Кыргызстанда бул долбоордун алкагында экинчи жолу иш алып барууда. Алгачкы этапта адистер Чисан деп аталган жапондук ыкма менен тааныштырган. Бул ыкма суунун башат аймактарын натыйжалуу башкарууга жана эрозиянын алдын алууга багытталган. Ошондой эле жашылдандырууну пландоо үчүн санариптик инструменттер көрсөтүлгөн.
Азыркы этапта пилоттук тилкенин табигый шарттары терең анализденип, Ысык-Көл облусунун рельефине ылайык мүмкүн болгон чечимдер иштелип чыгууда. Мындан тышкары, ӨКМдин жана Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Токой институтунун адистери үчүн жапон тажрыйбасын өткөрүп берүү иштери жүрүүдө.
Жыйынтыктар — келечектеги коргоонун негизи
Аталган иштин жыйынтыгында төмөнкү багыттарды камтыган негиздеме даярдалат: ● конкреттүү аймак үчүн ылайыктуу NBS чечимдери боюнча сунуштар; ● “жашыл” жана “боз” чечимдерди айкалыштыруу боюнча сунуштар; ● зарыл болгон ресурстарды эсептөө; ● бул ыкмаларды башка аймактарда масштабдоо сценарийлери.
Долбоор тууралуу кыскача маалымат
● RESILAND CA+ (Resilient Landscapes in Central Asia Plus) — Борбордук Азия өлкөлөрүндө ландшафтарды калыбына келтирүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу боюнча Дүйнөлүк банктын аймактык программасы.
● KG RESILAND — программаны Кыргыз Республикасында ишке ашыруу боюнча улуттук компонент.
● Asia Air Survey (AAS) — табигый ресурстарды коргоо, геомаалыматтык технологиялар жана аймактык туруктуу башкаруу боюнча Япониянын алдыңкы компаниясы.