Чолпон-Атада жапон адистери тажрыйба бөлүшүүдө
24.07.2025
Кароолор (300)

Чолпон-Ата, 2025-жылдын июлу.
Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында ландшафтарды туруктуу калыбына келтирүү» (KG RESILAND) долбоорунун алкагында Чолпон-Ата шаарында талаа иштери боюнча алдын ала жыйынтыктар менен тааныштыруу иш-чарасы өттү.
Япониянын Asia Air Survey (AAS) эл аралык компаниясынын командасы рельеф, топурактын, суу агымдарынын жана өсүмдүктөрдүн абалы боюнча чогултулган маалыматтардын алгачкы анализин сунуштады. Бул маалыматтардын негизинде бүгүнтөн тарта камералдык иштеп чыгуу иштери башталды. Аталган иш КР ӨКМи жана Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Токой институтунун адистери менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Камералдык этап — бул талаа иштеринде алынган маалыматтарды терең анализдөө стадиясы. Бул үчүн геомаалыматтык системалар, санариптик моделдөө, эсептөөлөр колдонулат. Максаты — табиятка негизделген чечимдерге (Nature-based Solutions, NBS) тиешелүү алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени (пред-ТЭО) иштеп чыгууга негиз түзүү.
Мындан тышкары, AAS компаниясынын адистери тажрыйба бөлүшүүнү улантып жатышат. Алар Япониянын «Чисан» технологиясынын практикалык колдонулушун, жашылдандырууну пландаштыруунун санариптик инструменттерин, ошондой эле ландшафттарды башкаруунун ыкмаларын көрсөтүп беришүүдө.
KG RESILAND долбоору КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан координацияланып, борбор азиялык RESILAND CA+ аймактык демилгесинин алкагында ишке ашырылууда. Аталган демилге Борбордук Азияда ландшафтарды калыбына келтирүүгө жана климаттык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.