Борбор Азиянын жаш окумуштуулары Теңир-Тоонун мөңгүлөрүн изилдөөдө: KG RESILAND эл аралык жайкы мектепти өткөрүүдө
05.08.2026
Кароолор (216)
Мөңгүлөрдүн тездик менен эриши бүгүн Борбор Азия үчүн эң олуттуу чакырыктардын бири болуп калды. Криосферанын абалы аймактагы суу ресурстарына, калктын коопсуздугуна жана туруктуу өнүгүүгө түздөн-түз таасир этет. Дүйнөлүк банктын болжолуна ылайык, 2050-жылга чейин мөңгүлөрдүн аянты болжол менен үчтөн бирине чейин кыскарышы мүмкүн. Бул мөңгү көлдөрүнүн жарылуу, сел жана суу ташкындарынын коркунучун күчөтөт.
Мындай шартта климаттагы өзгөрүүлөрдү байкоо гана жетишсиз. Заманбап технологияларды колдонуп иштей алган жаңы муундагы адистерди даярдоо өзгөчө мааниге ээ.
Ушул максатта 3–8-август күндөрү Ысык-Көлдө «Билим берүү жана маалымат алмашуу» аттуу эл аралык жайкы мектеп өтүүдө. Анын темасы — Ички Теңир-Тоодогу мөңгүлөрдүн өзгөрүшүн моделдөө үчүн маалыматтарды чогултуу жана методологиясы.
Жайкы мектепке Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын гидрология, метеорология, гляциология жана экология тармагындагы жаш адистери катышууда.
Практикалык сабактар Теңир-Тоо эл аралык илимий борборунун базасында — Чоң-Кызыл-Суу гидрометеорологиялык станциясында, Кара-Баткак мөңгүсүндө жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги Кара-Булуң көлдүк стационарында өткөрүлүүдө.
Бир жуманын ичинде катышуучулар автоматтык метеостанциялар, суунун деңгээлин каттоочу жабдуулар, гидрологиялык радарлар жана мөңгүлөрдүн абляциясын өлчөөчү шаймандар менен иштөөнү өздөштүрүшөт. Ошондой эле GPS аркылуу өлчөө иштерин жүргүзүп, дрондордун жардамы менен аралыктан байкоо жүргүзүү ыкмаларын үйрөнүшөт.
Сабактарды Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Бельгиянын, Франциянын жана Япониянын окумуштуулары жана эксперттери өткөрүп, эл аралык тажрыйбаны тоолуу шарттагы практикалык иштер менен айкалыштырып жатышат.
Мындай жайкы мектептер Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы илимий кызматташтыкты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана келечекте мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана климаттык процесстерди мониторингдөө менен алектене турган жаңы муундагы адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.
Жайкы мектеп Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Д. Маматканов атындагы Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтуна караштуу Теңир-Тоо эл аралык илимий борбору тарабынан Дүйнөлүк банктын RESILAND CA+ программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында туруктуу ландшафттарды калыбына келтирүү» (KG RESILAND) долбоорунун колдоосу менен уюштурулууда.
KG RESILAND долбоорунун негизги багыттарынын бири — криосфераны мониторингдөө системаларын өнүктүрүү, гидрометеорологиялык байкоолордун сапатын жогорулатуу, сел жана суу ташкындарын алдын ала болжолдоону өркүндөтүү жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо.