Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстар жана климаттык тобокелдиктер боюнча Эл аралык илимий конференция

Кароолор (39)

5-ноябрда Улуттук тарых музейинин конференц-залында Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстар жана климаттык тобокелдиктер маселелерине арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү. Иш-чара туруктуу ландшафттарды калыптандырууга өбөлгө түзүүчү илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.


Конференцияны КРдин Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Суу маселелери жана гидроэнергетика институту уюштурду. Иш-чарага Дүйнөлүк банктын аймактык RESILAND CA+ программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырып жаткан KG RESILAND долбоору колдоо көрсөттү.


Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Суу маселелери институтунун директору Рысбек Сатылканов төмөнкүлөрдү белгиледи:


“Адамдардын жашоо сапаты менен экосистемалардын туруктуулугу коркунучтарды алдын ала божомолдоп, алардын терс таасирин азайта билүү жөндөмүбүзгө түздөн-түз байланыштуу. Бул конференция Борбордук Азия өлкөлөрү менен эл аралык коомчулуктун суу-энергетикалык коопсуздук, гидроэнергетиканын өнүгүшү жана климаттык туруктуулукту жогорулатуу жаатындагы илимий тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзөт”..
Конференцияда илимпоздор жана изилдөөчүлөр төмөнкү багыттар боюнча иштеринин жыйынтыктарын сунушташты:


Кыргыз Республикасындагы суу-энергетикалык балансты баалоо;


Тоо сууларынын агымын климаттык моделдөө;


Алыстан зонддоо технологияларын колдонуу менен мөңгүлөрдү байкоонун заманбап ыкмалары;


Чүй өрөөнүнүн жер астындагы суу ресурстарын изилдөө;


Региондогу дарыялардын гидрологиялык шарттарын талдоо;


Климаттык тобокелдиктерди баалоо үчүн инновациялык инструменттерди колдонуу.


Кыргызстандагы KG RESILAND долбоорунун негизги максаты — тоо суулары жана сел сыяктуу табигый кырсыктарга коомчулуктардын туруктуулугун жогорулатуу, деградацияланган ландшафтарды калыбына келтирүү, айыл тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртуу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууну өнүктүрүү.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу