БИШКЕКТЕ БОРБОР АЗИЯДАГЫ СУУ РЕСУРСТАРЫ ЖАНА КЛИМАТТЫК ТОБОКЕЛДИКТЕР БОЮНЧА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ
25.03.2026
Кароолор (95)
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун жыйындар залында Дүйнөлүк суу ресурстары күнүнө карата «Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды азыркы этапта тактоодо инновациялык технологияларды колдонуу» аттуу илимий-практикалык семинар болуп өттү.
Иш-чара «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү», Программа RESILAND CA+: (KG RESILAND) долбоорунун колдоосу жана каржылоосу менен уюштурулду. Семинарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун кызматкерлери, Кыргызгидрометтин өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар, илимий мекемелер жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү баш болгон жалпы 38 катышуучу катышты.
Семинардын жүрүшүндө суу-энергетикалык ресурстарды баалоо жана болжолдоо боюнча илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана заманбап методологиялык ыкмалар сунушталды. Мөңгүлөрдү мониторинг жүргүзүү, гидрологиялык процесстерди талдоо, тоо көлдөрүнүн жарылуу коркунучун баалоо, ошондой эле Чүй–Талас бассейниндеги суу ресурстарынын калыптанышы жана мөнгүлөрдүн өзгөрүүсү 1975–2000 жана 2000–2025-жылдар аралыгындагы убакытсы каралды.
Өзгөчө көңүл глобалдык климаттык өзгөрүүлөргө бурулду. Атмосфералык жаан-чачындын көлөмү жана интенсивдүүлүгүнүн өсүшү, алардын мезгилдик бөлүштүрүлүшүндөгү өзгөрүүлөр, ошондой эле аба массаларынын айланышын жана алардын аймактагы суу ресурстарынын калыптанышына тийгизген таасирин так баалоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, гидрометеорологиялык байкоолордун үзгүлтүккө учураган катарларын калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүшү шартында дарыялардын агым мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктоо, аз суулуу мезгилдерде жер астындагы сууларды сугатка пайдалануу жана алыстан зонддоо ыкмаларын колдонуу маселелери каралды.
Сунушталган илимий маалыматтар жана аналитикалык ыкмалар илимий-аналитикалык базаны чыңдоого, табигый процесстерди мониторинг жүргүзүү системаларын өркүндөтүүгө жана суу менен климаттык тобокелдиктерди баалоонун сапатын жогорулатууга багытталган.
Семинар «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү», Программа RESILAND CA+: (KG RESILAND) долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор институттук потенциалды чыңдоого, табигый процесстерди мониторинг жүргүзүү системаларын өнүктүрүүгө жана климаттык жана гидрологиялык тобокелдиктерди башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө багытталган.
Маалымат үчүн
«Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү», Программа RESILAND CA+: (KG RESILAND) долбоору Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып, табигый процесстерди мониторинг жүргүзүү системаларын өнүктүрүүгө жана аймактардын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга багытталган.