КР калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо концепциясы жөнүндө токтому

Кароолор (315)

Кыргыз Республикасы жайгашкан географиялык абалына байланыштуу көптөгөн табигый кырсыктарга кабылып туруучу мамлекет болуп эсептелет. Олуттуу геологиялык, техногендик, климаттык коркунучтар жана климаттын глобалдуу өзгөрүү проблемалары республиканын калкына жана экономикасына дайыма терс таасирин тийгизүүдө. Калк жана инфратүзүм кырсык коркунучунун алдында алсыз.

Кырсыктардын коркунучун жогорулаткан негизги факторлорго калктын чарба жүргүзүү объектилеринде коопсуздук ченемдеринин жана эрежелеринин сакталбагандыгы, жерди пайдалануунун туура эмес пландаштырылышы, инфратүзүмдүн жалпы абалынын начарлашы, өндүрүштүк жабдуулардын эскириши жана жерлердин деградациясы кирет.

Түздөн-түз экономикалык жоготуулар сыяктуу кыска мөөнөттүү кесепеттерден тышкары, өзгөчө кырдаалдар коомдун узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө жана анын коопсуздугуна да терс таасирин тийгизет. Андыктан, кырсыктардын коркунучун азайтуу жана адамдын туруктуу өнүгүүсү бири-бири менен тыгыз байланышкан маселе болуп эсептелет.

Ошого байланыштуу кырсыктардын коркунучун азайтуу маселелерин чечүү келечектеги коркунучтарды эске алуу менен, аларды болжолдоонун жана алдын алуу ыкмаларын өнүктүрүү, аларга натыйжалуу чара көрүүчү шарттарды түзүп жана туруктуу өнүгүүнү пландаштыруунун ажырагыс бөлүгү катары каралып, комплекстүү мүнөзгө ээ болушу керек.

Туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын өркүндөтүү, бардык башкаруу деңгээлдеринде кызыкдар тараптардын каршы аракеттенүү потенциалын күчөтүү жана кырсыктар коркунучун азайтуу процесстерине тартуу зарыл.

Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын өнүктүрүүгө, кырсыктардын коркунучун олуттуу азайтууга жана өзгөчө кырдаалдардан жоготууларды кыскартууну камсыз кылууга багытталган бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында ушул Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы иштелип чыкты (мындан ары – Концепция).

Ушул Концепция Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын жана ага кирген мамлекеттик органдарды, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын комплекстүү коргоого жана туруктуу өнүктүрүү шарттарын түзүүгө багытталган уюмдардын негизги артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.

Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн толук документи (токтом) бул шилтеме боюнча ачык. 

Министрлер Кабинетинин 2023 - жылдын 10 - январындагы №1 токтому менен 2 - этаптын 2023-2026- жылдарга мерчеми кабыл алынды.

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу