ТОЙКАНА, РЕСТОРАНДАР ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙБЫ?

Кароолор (549)

ТОЙКАНА, РЕСТОРАНДАР ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙБЫ?

ӨКМ ЭСКЕРТҮҮ МЕНЕН ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

 

Кеченин көркүн ачкан жарыктар, көз жоосун алган жасалма гүлдөр, тез күйүүчү материалдар жана ошондой эле майрамдык салтанатты коштой турган жаркырак фейерверктер менен өзгөчө шаң жараткан тойкана, ресторандарда өрт коопсуздук эрежелери сакталганбы?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору жыл сайын өлкөдөгү ресторан, тойканаларды дыкат текшерүүгө алып, түшүндүрүү ишин жүргүзүп келишет. Бул иш Өзгөчө кырдаалдар министри, генарал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү менен өтүп келет.

2018-жылдагы Өкмөттүн өрт коопсуздук эрежеси боюнча 381-токтомуна ылайык:

- массалык түрдө адамдар чогула турган имараттардын дубалдары менен шыптары күйгөн учурда, уулуу заттарды бөлүп чыгара турган жана тез күйө турган жасалгалоочу материалдардан болбошу керек;

-

- Синтетикалык күйүп кетүүчү материалдардан жасалган килемдерди жана жол килемчелерин колдонууга тыюу салынат;

- Ресторан, кафелердин жана ашканалардын администрациясы залдарга келүүчүлөрдүн ашыкча толуп кетишине жол бербөөгө тийиш;

- Кезметчиде дем алуу органдарын жекече коргоочу каражаттардын комплекси жана электр фонарлары болушу зарыл;

- Суюлтулган күйүүчү газ толтурулган баллондор менен иштеген жылыткычтарды, дизелдик жана башка күйүүчү суюктук менен иштеген тамак даярдоочу аппараттарды пайдаланууга таптакыр тыюу салынат;

- Адамдарды эвакуациялоочу жолго алып келген негизги өткөөл бош калтырылышы керек;

- эл көп чогулган жерлерде колдонулуучу курулуш материалдарынан тарта кооздук буюмдарынын өрткө туруктуулугу атайы лабораториядан өтүп, тастыктаган документтери болуусу тийиш;

- Коомдук тамактануучу жайларда эрежеге ылайык алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен камсыз кылынып, кызматкерлер эвакуациялык жолдорду, кырсык учурундагы алгачкы коопсуздук эрежелерин так билүүсү кажет.

Ал эми республика боюнча өтүп жаткан түшүндүрүү иши уланат. Эскертүү берилген жайларда кетирилген кемчиликтерди 10 күндүн аралыгында жоюуга убакыт берилет. Эгер эрежеге баш ийбесе айып пул салынат. Айып пул төлөө менен гана кутулууу мүмкүн эмес. Иш укук коргоо органдарынын кароосуна өтүп, кылмыш иши козголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу