Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Коопсуздук-2026» биргелешкен командалык-штабдык машыгуусуна катышты
23.04.2026
Кароолор (142)
2026-жылдын 23-апрелинде Каракол шаарында «Коопсуздук-2026» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык окуусунун алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана башка ведомстволордун аймактык коопсуздукту камсыздоого багытталган биргелешкен практикалык аракеттери көрсөтүлдү.