Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун “Өрткө каршы кызмат түзүүгө тийиш болгон мекемелердин жана объектилердин тизмесин бекитүү жөнүндө” долбоору үчүн жөнгө салуучу таасирин талдоо жана коомдук консультацияларды өткөрүү жөнүндө кабарлоо

Кароолор (580)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун “Өрткө каршы кызмат түзүүгө тийиш болгон мекемелердин жана объектилердин тизмесин бекитүү жөнүндө” долбоору үчүн жөнгө салуучу таасирин талдоо жана коомдук консультацияларды өткөрүү жөнүндө  

кабарлоо

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталгандыгы жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуу жөнүндө кабарлайт.

  1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын эң кеңири тараган булактары болуп өрт жана жарылуулар саналат, алар, атап айтканда, жарылуу жана өрт коркунучу бар чарбалык объекттерде пайда болот. Авариялардын, жарылуулардын жана өрттөрдүн объектилери болуп химиялык, нефтехимиялык жана мунай кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары саналат, алардын натыйжалары оор кесепеттерге алып келет: өндүрүштүк жана турак-жай имараттарынын кыйрашы, жаракат алуу, персоналдын жана калктын елуму, олуттуу материалдык жоготуулар. Өнөр жай объектилери өрт жана жарылуу коркунучунун жогорулашы менен мүнөздөлөт, анткени алар өрт жана жарылуу коркунучу бар заттарды, материалдарды, чийки заттарды жана даяр продукцияларды сактоочу жайлардын, ошондой эле алардын объектилеринин өндүрүштүк процесстеринин татаалдыгы менен мүнөздөлөт.

Анализге ылайык, 10 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында 42 мин 645 өрт кырсыгы катталса, анын ичинен өндүрүштүк объекттерде (нефтебазаларда жана май куюучу станцияларда) 6 мин 458 өрт, анын ичинде 85 жарылуу болуп, келтирилген материалдык чыгым 886 миллион сомдон ашык түзгөн. Мунай сактоочу резервуарлардагы өрт күйүп жаткан резервуардын жана коңшу резервуарлардын кыйроосу менен жанаша жайгашкан резервуарларга өтүп, ошондой эле өрттүн резервуар паркынан тышкары жайылып кетиши мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн алыстыгы жана жол тармагынын канааттандырарлык эместиги өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн чакыруу болгон жерге баруу убактысын көбөйтүүдө, ал эми өндүрүштүк объектилерге өрткө каршы суу булактарынын жоктугу же бузулушу бөлүмдөрдүн оперативдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө.

Көпчүлүк жарандар үчүн өрт мүмкүн эмес окуя болуп көрүнөт, өрткө каршы талаптарга көңүл бурулбайт жана көпчүлүк өрт кырсыктары адам факторуна байланыштуу болот.

Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу жөнүндө" 2022-жылдын 13-декабрынын №118 Мыйзамынын 4-беренесинин 2-пунктун ишке ашыруу максатында, өнөр жай объекттеринде, мекемелерде өрткө каршы ведомстволук кызматтар милдеттүү түрдө түзүлүүгө тийиш.

  1. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:

Токтомдун долбоору адамдардын, мекеме-уюмдардын, өнөр жай багытындагы (өндүрүш) объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, мүлктү жана адамдарды өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо, ошондой эле өрт чыккан учурда зыянды жана өлүмдү азайтуу максатында иштелип чыккан.

  1. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

– Өрт-куткаруу бөлүгү жайгашкан коргоочу объекттин аймагында жайгашкан;

– Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү келгенге чейин объекттерге жана адамдарга зыян келтирбестен, кыска убакыттын ичинде өрттү чектөө жана жок кылуу;

–  Өздөрүнүн техникасы жана шаймандары бар;

–  Өрттөн жоготууларды жана материалдык зыянды азайтуу, өрттүн алдын алуу жана өз убагында жоюу;

–  Кошумча жумуш орундарын ачуу.

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Терс кесепеттери каралбайт.

5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин – адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:

Кыргыз Республикасында 1 600гө жакын өнөр жай ишканалары жана уюмдары бар, алар 12 000ге жакын кооптуу объекттерди иштетишет.

6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Өнөр жай объекттери ишкердик субъекттеринин чөйрөсүндөгү чыгымдары технологиялык өндүрүштүк процесске, техникалык мүмкүнчүлүккө, аянтка жана тиешелүү техника менен комплектилөөгө жараша болот.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун кабыл алуу республикалык / жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды алып келбейт 

Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:

1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:

- аталган проблемалар туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;

- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;

- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;

- сунушталган жөнгө салууга карата жалпы пикир.

Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.

2. Сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат:

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин Мыйзамга ылайык келтирүү зарыл.

 

Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

 

  1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:

 

 
- электрондук почта аркылууodoki2015@mail.ru
- почта дареги

720033,

Бишкек ш., Манас проспектиси 101/1 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

2.Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү14 декабры 2023 ж.
3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү15 декабры 2023 ж.

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу