“Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” “КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин токтомунун долбооруна жөнгө сал

Кароолор (365)

“Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоону жана коомдук талкууларды өткөрүү жөнүндө кабарлоо

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталгандыгы жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуу жөнүндө кабарлайт.

  1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган көйгөйлөрдүн сыпаттамасы (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин 2018-2022-жылдар аралыгындагы маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасына 12508 миң долларлык жарандык пиротехникалык буюмдар импорттолгон. Маанилүү жагдай, эреже катары, сапатсыз продукция, сактоо талаптарын бузуу менен сатылып жатат. Бул фактылар Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаракат алышынын негизги себеби болуп эсептелет жана бардык жаракат алгандардын ичинен эң оор жаракат алган көпчүлүк бөлүгү 10 жаштан 15 жашка чейинки жашы жете элек балдар.

Калктын көбөйүшү жана ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги негизги иш-чаралар борбор калаада жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, пиротехникалык каражаттарды колдонгондордун көпчүлүк көлөмү Бишкек шаарында, андыктан, жарандардын коопсуздугуна көбүрөөк коркунуч туудурган аймактарга жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелерин сакталышына өзгөчө көзөмөл алуу зарыл. 

         Бажы бирлигинин техникалык регламентине (мындан ары – ББ ТР 006/2011) ылайык келтирүү максатында, "Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" пиротехникалык буюмдардын потенциалдуу коркунучунун 2-3-классына редакциялык өзгөртүүлөр киргизилип 5-класстык даража менен толукталат, анткени бул даража эрежелерде жок болгон. 

         Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ББ ТР 006/2011 талаптарына ылайык келбеген пиротехникалык буюмдарды алып коюу жол-жобосунун жана алып коюунун тиешелүү органы жоктугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иштелип чыккан токтомунун долбоору менен жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелери "жарылуучу материалдарды (пиротехникалык буюмдарды) алып коюу" главасы менен толукталат, анда алып коюу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2015-жылдын 11-майындагы № 110 Кыргыз Республикасынын "Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө" мыйзамына ылайык белгиленет. 

         Жогоруда баяндалгандардын негизинде, "Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР 006/2011 жобону ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү жана ишкердик субъекттерине сапаттуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик функцияларды аткарууну оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө”  2007-жылдын 24-августундагы № 368 токтомуна "Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыккан.

  1. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана көйгөйдүн чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:

Сунушталган долбоорду кабыл алуунун негизги максаты:

  •   жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо;
  •   пиротехникалык буюмдарды колдонуудагы коопсуздук боюнча конституциялык укуктарын ишке ашыруу, жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу;
  •  жарандык пиротехникалык буюмдарды сактоо, ташуу жана сатуу процессинде ишкерлерге мыйзамдуу жана коопсуз иш жүргүзүүгө түрткү берүү;

         – пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) талаптары менен шайкеш келтирүү;

– жарандык пиротехникалык буюмдардын рыногуна көзөмөлдү камсыз кылуу.

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

– мүмкүн болгон экологиялык тобокелдиктерди азайтуу;

сунушталган долбоорду кабыл алуу бардык кызыкдар тараптардын (калктын, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын) кызыкчылыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берет жана коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу кепилдиктерин түзүүгө өбөлгө түзөт;

           – ишкерлерди жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү боюнча ачык-айкын эрежелер жана талаптар менен камсыздоо;

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Терс кесепеттери каралбайт.

5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин – адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо: 

Республиканын аймагында катталган рыноктун бардык субъекттери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды саткан үчүнчү өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттери.

6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Долбоорду кабыл алуу потенциалдуу даректерге кошумча чыгымдарды алып келбейт. Пайдасы – ак ниеттүү атаандаштык чөйрө өндүрүштү өркүндөтүүгө, өндүрүш чыгымдарын оптималдаштырууга, ассортиментти кеңейтүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгарууга өбөлгө түзөт.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:

1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:

- аталган проблемалар туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;

- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;

- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;

- сунушталган жөнгө салууга карата жалпы пикир.

Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.

2. Сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат:

 

Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

 

  1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:

 

 
- электрондук почта аркылуу

odoki2015@mail.ru

a_namazbekova@inbox.ru

- почта дареги

720033,

Бишкек ш., Манас проспектиси 101/1 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

2.Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү15 декабры 2023 ж.
3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү18 декабры 2023 ж.

 

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу