КЕЛЕЧЕКТЕГИ КУТКАРУУЧУЛАР ФУТБОЛ ТАЛААСЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ
02.06.2025
Кароолор (181)

Россиядагы Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинин Россия Федерациясынын Баатыры Евгений Николаевич Зиничев атындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын Санкт-Петербург университетинин кыргызстандык курсанттары футбол талаасында атаандаштарын багынтышты.
Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгынын урматына уюштурулган кубокко ИИМ академиясынын кыргызстандык курсанттары, угуучулары жана өкелечектеги куткаруучулар катышты.
Оюн талаасында ИИМ академиясынын командасын 5:0, ИИМ академиясынын угуучуларын 6:4 эсебинде, ал эми жарым финалда 3:2 пенальти менен жеңишке жетишип, Афтандил Манасов мыкты дарбазачы, мыкты коргоочу экенин далилдеди.
Сыйлык тапшыруу аземинде Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулу жеңүүчүлөрдү диплом жана кубок менен сыйлады.
https://www.facebook.com/share/v/15Ty4PEKSf/