Чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда окуп, куткаруучу кесибине ээ бол!

Кароолор (44)

Чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда окуп, куткаруучу кесибине ээ бол!

 

Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларына квоталар

 

Кыргыз жана Россия Өкмөттөрүнүн жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуусуна ылайык, кыргызстандыктар өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу жаатында адистештирилген Россиянын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жылыга төмөндөгү ЖОЖдорго бакалавриат программасына квота бөлөт:

 

1. Россиянын Жарандык коргонуу академиясы (Москва шаары)

 

Багыты: Техносфералык коопсуздук.

 

Профили: Өзгөчө кырдаалдардан коргоо.

 

Бакалавриат (курсант), окуу мөөнөтү: 4 жыл, окуу формасы: күндүзгү.

 

2. Россиянын Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын академиясы 

(Москва шаары)

 

а) Багыты: Маалыматтык системалар жана технологиялар

 

Профили: Техносфералык коопсуздуктагы маалыматтык технологиялар

 

Бакалавриат (курсанттар), окуу мөөнөтү: 4 жыл, окуу формасы: күндүзгү.

 

б) Багыты: Өрт коопсуздугу

 

Профили: Өрт коопсуздугу

 

Адистик (курсант), окуу мөөнөтү: 5 жыл, окуу формасы: күндүзгү. 

 

 

3. Россиянын Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын Санкт-Петербург университети (Санкт-Петербург шаары)

 

а) Багыты: Өрт коопсуздугу.

 

Профили: Өрт өчүрүү, Мамлекеттик өрт көзөмөлү.

 

Адистик (курсант), окуу мөөнөтү: 5 жыл, окуу формасы: күндүзгү.

 

б) Багыты: Соттук экспертиза.

 

Профили: Инженердик-техникалык экспертизалар.

 

Адистик (курсант), окуу мөөнөтү: 5 жыл, окуу формасы: күндүзгү.

 

Казакстандын Жарандык коргонуу академиясында окууга квота

 

Кыргыз жана Казак Өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуунун алкагында кыргыз жарандарына Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Малик Габдуллин атындагы Жарандык коргонуу академиясында окууга мүмкүнчүлүк берилет. Жыл сайын бакалавриат программалары боюнча төмөнкү багытта окууга квота бөлүнөт:

 

Казакстан ӨКМнин М.Габдуллин атындагы Жарандык коргонуу академиясы:

 

Багыты: Өрт коопсуздугу.

 

Бакалавриат (курсанттар), окуу мөөнөтү: 4 жыл, окуу формасы: күндүзгү.

 

ЖОЖдорго тапшыруу талабы: талапкерлер зарыл көлөмдө орус тилин билүүсү, математика, физика боюнча базалык билимге ээ болуу, дене тарбия боюнча нормативдерди тапшыруусу керек.

 

ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ:

 

Чет өлкөлүк аскердик окуу жайларына тапшырууда талапкерлер төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү (окуу иштеринин документтеринин көчүрмөлөрү орус тилинде жана белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш):

  1. туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн, паспорттун (чет өлкөлүк паспорттун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  2. окуган предметтерди жана алар боюнча экзамендерде алынган бааларды (баллдарды) көрсөтүү менен билими жөнүндө күбөлүктүн (документтин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  3. ВИЧ инфекциясынын, В жана С гепатитинин жоктугун далилдөөчү сертификаты, өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулардын жоктугу жөнүндө маалым кат, кургак учук диспансеринен маалымкат, ден соолугунун бекемдигин, чыңдыгын далилдеген тастыктамасы. 
  4. өмүр баяны;
  5. акыркы окуган (иштеген) жеринен мүнөздөмө;
  6. чет тилин үйрөнүү жөнүндө маалымат (немис, англис, ж.б.).

 

Документтердин түп нускасы кабыл алуу комиссиясына талапкер келгенден кийин берилет. Чет өлкөлүк аскердик окуу жайларына тапшырган талапкерлер окууга келгенден кийин кайрадан медициналык текшерүүдөн өтүп, дене тарбиядан, математикадан (жазуу түрүндө) кирүү экзамендерин тапшырышат. Орус тили, физика сабактарынан аңгемелешүүдөн жана кесиптик психологиялык тандоодон өтүшөт. Бардык талапкерлер спорттук формага ээ болуусу зарыл.

 

Аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө офицерлер үчүн "лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат. Адистикке  ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүндө жумуш орундары менен камсыздоо келишимде каралган. Мындай келишим жогоруда аталган окуу жайларында даярдалган жогорку квалификациялуу кадрлар үчүн тиешелүү жумуш орундарын камсыз кылууга багытталган.

Эскертүү: Аталган окуу жайларда билим алуу мамлекет тарабынан камсыздалат (акысыз).

 

Чет өлкөлүк аскер окуу жайларына тапшырууну каалаган жаштар туруктуу катталган дареги боюнча КР ӨКМдин облустук, шаардык башкармалыктарына арыз бериши зарыл.

Арызда көрсөтүлгөн документтер:

- фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, билими, жашаган жеринин дареги;

- өзү каалаган билим берүү мекемесинин аталышы (багыты, адистиги).

 

КР ӨКМдин облустук жана шаардык башкармалыктарынын даректери:

 

  1. КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы:

Дареги: Бишкек ш., Осмонкулов көч., 128;

Телефон: (0312) 43-91-16.

 

  1. КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы:
  2. Дареги: Ош ш., Масалиев проспекти, 3;

     Телефон: (+996) 999 071 184.

  1.  
  2. КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы:

      Дареги: Бишкек ш., Кулатова көч., 11;

      Телефон: (+996) 555 003 937.

  1.  
  2. КР ӨКМдин Ысык-Көл боюнча башкармалыгы:

      Дареги: Ысык-Көл обл., Каракол ш., Токтогул көч., 197;

      Телефон: (+996) 556 112 80.

 

  1. КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгы:
  2. Дареги: Талас ш., Чынгыз Айтматов көч., 370;

      Телефон: (+996) 700 459 095.

 

  1. КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы:
  2. Дареги: Нарын ш., Токтосунов көч., 38;

      Телефон: (+996) 558 115 713.

 

  1. КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы:

    Дареги: Жалал-Абад ш., К-Бакиев көч., 15а;

    Телефон: (+996) 755 106 106.

 

  1. КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы:

    Дареги: Ош ш., Р. Моминов көч., 11;

  1. Телефон: (+996) 554 050 205.
  2.  
  3. КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы:
  4. Дареги: Баткен ш., Келечек кварталы, Аэропорт участогу, Н.Исанов көч.;

      Телефон: (+996) 778 212 131

<iframe src="https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fmchs.gov.kg%2Fvideos%2F451497347352148%2F&show_text=false&width=560&t=0" width="560" height="314" style="border:none;overflow:hidden" scrolling="no" frameborder="0" allowfullscreen="true" allow="autoplay; clipboard-write; encrypted-media; picture-in-picture; web-share" allowFullScreen="true"></iframe>
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу