Новости

02.04.2026 18:25

   Просмотров: 102

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИНИН ЯПОНИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу, ӨКМдин потенциалын жогорулатуу жана заманбап эрте эскертүү системаларын киргизүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Өзгөчө көңүл жер титирөөлөр тууралуу эрте эскертүү системасын өнүктүрүү маселелерине бурулду. Бул система Кыргызстан калкын жана Борбор Азия өлкөлөрүн мүмкүн болуучу табигый кырсыктар тууралуу өз убагында маалымдоого багытталган.

Япон тарап бул демилгени колдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар буга чейин ишке ашырылган, ӨКМдин потенциалын чыңдоого жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган долбоорлор алкагындагы ийгиликтүү кызматташтыкты белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да биргелешип иш алып барууга жана Кыргызстан менен аймактын өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин тастыкташты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Закрыть
Закрыть
Закрыть
Закрыть --> Закрыть