Новости

18.09.2025 18:47

   Просмотров: 32

ОШ: КАМПАДАН ЧЫККАН ИРИ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 7 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн, 18-сентябрында саат 15:03 чамасында Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан кампалардын биринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 өрткө каршы бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Буга кошумча саат 15:14тө Ош шаардык №12 ӨКБдан 2, саат 15:24тө 3, жалпы 7 күжүрмөн эсеп жана автошаты жеринде иштеп жатат.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.

Кошумча маалымат берилет.

https://www.facebook.com/share/v/1AHcb9Hx1n/
Закрыть
Закрыть
Закрыть
Закрыть --> Закрыть