Новости

02.04.2026 19:25

   Просмотров: 98

МИНИСТР КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ШВЕЙЦАРИЯ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев бүгүн, 2-апрелде Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу, ошондой эле адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын гидрологиялык божомолдоо системасын жакшыртууга, санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө, заманбап метеорологиялык станциялардын маалыматтарын иштетүүгө, ошондой эле мөңгүлөрдү жана кар катмарын изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө бурулду.

Министр буга чейин швейцар тарап ишке ашырган, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган долбоорлордун ийгиликтүү аткарылышын белгилеп, инженердик-техникалык жардам жана тажрыйба алмашуу үчүн ыраазычылык билдирди жана туруктуу колдоо менен ишенимдүү өнөктөштүк үчүн ыраазычылык айтты.

Өз кезегинде Сироко Мессерли швейцар тарап сунушталган демилгелерди колдоого, эрте эскертүү системаларын өркүндөтүү боюнча долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин тастыктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү бекемдеп, стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууну макулдашышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Закрыть
Закрыть
Закрыть
Закрыть --> Закрыть