Новости

10.07.2026 00:51

   Просмотров: 835

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ АЛА-БУКА ЖАНА ЧАТКАЛ РАЙОНДОРУНА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондоруна иш сапары менен барып, селден жабыркаган аймактардагы абал, авариялык объектилер жана министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Иш сапарынын алкагында министр Чаткал районунда жайыт жерлерине өтүүчү Чаткал дарыясындагы авариялык абалдагы көпүрөнү көрүп чыгып, келерки жылы жаңы көпүрө салуу маселесин караштырууну жергиликтүү бийликке сунуштады.

Ошондой эле министр Каныш-Кыя айылындагы №81, Терек-Сай айылындагы №79 жана Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө караштуу №80 өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык абалы, ошондой эле жаңыдан курулуп жаткан имаратынын курулушу менен таанышты. Ал өздүк курам үчүн заманбап жана тийиштүү кызматтык шарттарды түзүү министрликтин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Министр ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар менен жолугушуп, алардын кызмат өтөө шарттары, материалдык-техникалык камсыздалышы жана кызматтын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулады.

Ала-Бука районунда министр селден жабыркаган аймактарды жеринен көрүп чыкты. Белгилей кетсек, 2026-жылдын 11 жана 20-июнундагы нөшөрлүү жаандын кесепетинен Айры-Там айыл аймагындагы Ак-Башат айылында Сумсар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, сел суулары 5 ички чарбалык көпүрөнү жараксыз абалга келтирип, ички чарбалык жолдорго олуттуу зыян келтирген.

Белгилей кетсек, Канатбек Чыныбаев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угуп, Сумсар дарыясындагы кооптуу тилкелерди калыбына келтирүү жана сел коркунучун азайтуу боюнча тиешелүү иштер министрлик тарабынан жүргүзүлөрүн белгиледи.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин так жана жоопкерчиликтүү аткаргандыгы, ошондой эле жаз-жай мезгилиндеги сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштерин ыкчам уюштургандыгы үчүн Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Тынчтык Эгембердиевге мөөнөтүнөн мурда майор аскердик наамы ыйгарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактардагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, авариялык объектилерди коопсуз абалга келтирүү, өздүк курамдын кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди мындан ары да системалуу түрдө улантат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Закрыть
Закрыть
Закрыть
Закрыть --> Закрыть