Жаңылыктар
08.06.2026 17:03
Кароолор: 224
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ СЕЛДЕН КИЙИНКИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорундагы селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында министр Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагында, Ош–Эркештам унаа жолунун 7-чакырымында жайгашкан Муян каналын кеңейтүү иштерин жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Алай районунун Гүлчө айылында жана башка калктуу конуштарда жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштерин текшерип, объектилердеги жумуштарды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча милдеттерди койду.