Жаңылыктар

05.09.2026 00:06

   Кароолор: 271

КЫРЧЫНДА ӨКМдин АПААТТЫК МЕДИЦИНА КЫЗМАТЫ ЖАНА САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КҮНҮ-ТҮНҮ КЫЗМАТТА

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын этномаданий шаарчасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Апааттык медицина кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

ӨКМдин мобилдик госпиталында медицина кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болуп, оюндардын катышуучуларына, конокторуна жана жарандарга медициналык жардам көрсөтүп жатышат. Ошондой эле мобилдик госпиталда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медицина кызматкерлери да биргелешип иш алып барышууда.

Адистер кайрылган жарандарды кабыл алып, медициналык кароодон өткөрүп, зарыл учурда тиешелүү медициналык жардам көрсөтүүдө. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары менен катар чет өлкөлүк коноктор да бар.

ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин адистери иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай кырдаалда жарандарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө күнү-түнү даяр.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу